“Royal Center” элиталык турак жай комплекси ордо калаанын так борборунда, Панфилов жана Чуйков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан, кирме жолдору ыңгайлуу, кыштан салынган 12 кабаттуу үй. Райондун инфраструктурасы өтө жакшы өнүккөн, жакын жерде мектеп, бала бакча, университеттер, ооруканалар, дүкөндөр бар. Калаанын ортосунда курулган бул турак жай динамикалуу жашоо мүнөзүн жүргүзгөн тургундар үчүн абдан туура келет.